Орусияда кыргызстандын 50 жаштагы жараны жол кырсыгынан каза тапты

0
707

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 29-мартта Челябинск – Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган. Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралууда.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here