Кызыл-Кыя шаарынын Чоң-Жинжиген айылында сел жүрүүчү Жин-Жиген сайын механикалык тазалоого жумуштары жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта тазалоо жумуштары быйылкы жылга бекитилген «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш мерчеминин негизинде жүргүзүлгөн.
“Тазалоо иштеринин натыйжасында сай жээгинде жайгашкан 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол жана 1,3 га жер участкасы сел алып кетүү коркунучунан коргоого алынды», — деп айтылат маалыматта.