Бүгүн, 6-мартта 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата спорттун волейбол түрү боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө. Мелдеште облус аймагынан келген курама командалар күч сынашууда.
Мелдештин башында облус бачы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, спорт бул чың ден соолукка өбөлгө, дени сак эне-дени сак өлкө экенин белгилеп, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.
Мелдешке район, шаарлардын тандоо турунан 1-2-орунду ээлеген командалар катышуу укугун алган. Бул мелдеш аймакта аялдар спортун өнүктүү максатын көздөйт.