Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматында, 29-февралга карата Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан адамдардын саны 4078ге жетти.
Илдетти жуктургандар Баткенде — 100, Бишкекте — 1 207, Ош шаарында — 226, Ош облусунда — 602,Чүйдө -961, Жалал-Абадда — 803, Ысык-Көлдө — 65, Нарында — 46 адам.
Ооругандардын 85% он жашка чейинки балдар.
20-30 жашка чейинки 196 адам, 30 жаштан улуу 162 адам кызамыкка чалдыккан.
Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 27-февралда 264 500 доза вакцина алынганын, ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөнүн кабарлаган.