Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо ушул жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.