Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган жарандын үйүнө жүргүзүлгөн тинтүүдө 178 грамдан ашуун жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында бангизаттын “марихуана” түрү экендиги аныкталды.
Тергөө иштерин жүрүшүндө кармалган жаран мурда эки жолу сот жообуна тартылгандыгы маалым болду. Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.