Баткен районунун аймагында жаздык себүү иштери башталды. Бул багытта кечээ 15-февралда Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Ат жолу жерлигинде жаздык себүү иштеринин алгачкы жумушу жүрдү. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Быйыл жалпы 2875 гектар аянтка жаздык кылкандуу дан эгиндери себилүүсү күтүлүүдө. Анын 1419 гектары арпа, 1456 гектары буудай.
Учурда жаздык буудай үрөнү жетиштүү көлөмдө ташылып келинип, дыйкандарга арзандатылган баада буудай, арпа үрөндөрү 30 сомдон таркатылып жатат.
Ал эми айыл чарба министрлиги тарабынан жазгы талаа иштери үчүн жеңилдетилген баадагы дизелдик отун (1 литр 63сом 50 тыйындан) дыйкандарга берилип жатат, – деп жазылат маалыматта.