Бишкектеги Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери улантылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, издөө иштерине саат 9:30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Жалпы 14 техника тартылды.
Белгилей кетсек, 14- январдан бери 1996-жылы туулган Мухамедаалы Маматалы уулу үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасынын байкоочу камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.