Сүлүктү шаарындагы 14 жашар кыздын зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 14-январында орун алган. Бул факты КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин Зордуктоо беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда өзүн 15 жаштагы өспүрүм деп тааныштырган кыз 1992-жылы туулган тургун зордуктаганын айтып чыккан болчу.