Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул спорт комплекси, облус аймагында кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп калды. Аталган комплекстин курулушуна жергиликтүү бюджеттен, дем берүүчү грант жана демөөрчүлөрдөн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп бүткөрүлгөн.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев спорт залга 400 миң сомдук жабдууларды тапшырды. Ошондой эле демөөрчүлөр жана “Аялдар тынчтык долбоору” тарабынан 850 миң сомдук, Кыргызстандын айылдык ден соолук комитети тарабынан 750 миң сомдук спорт залга керектүү болгон жабдуулар алынып берилди. – деп жазылат маалыматта.
Автор: Сабира Бакирбек кызы