Үч-Коргондо оорукананын эки бөлүмү пайдаланууга берилди 

0
609

Кадамжай районунундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар жандандыруу, дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмдөрү жайгашкан имараттын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Ага ылайык, аталган имараттын курулуш иштери 2018-жылы башталып, бирок токтоп калган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 58 млн сом бөлүнүп, куруу иштери кайрадан жанданып, бөлүнгөн каражаттын ичинде эмеректер жана медициналык жабдуулар да каралган.

1560 чарчы метр турган имаратта 12 орундуу балдар бөлүмү, 6 орундуу балдардын жандандыруу бөлүмү жана биринчи кабатында дарылоо-кеңеш берүү бөлүмү жайгашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here