Баткенде жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өттү

0
1011

Кечээ, 27-декабрда жаңы жыл майрамына карата Баткен ОИИБнын башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов гарнизондук саптык кароо өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Гарнизондук саптык кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, министрликтин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери ошондой эле кинология кызматы катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here