Баткен районунун Капчыгай айылы менен Аксай айылын бириктирген 60 метрлик жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп жатат. Көпүрөнүн курулушу дээрлик аяктап калган. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, көпүрөнүн курулуш иштери ӨКМдин Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаменти тарабынан колго алынган. Көпүрө Ак-Суу дарыясы аркылуу өтөт.
Көпүрө пайдаланууга берилсе мектеп окуучулары үчүн убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Анткени буга чейин Капчыгай айылынын окуучулары мектепке келүү үчүн 3 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болсо, эми жол эки эсе кыскарды.