Баткенде калкты арзан көмүр менен камсыздоо иштери уланууда

0
527

Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында  Кыргыз көмүр ишканасы тарабынан 1100 кап көмүр келип, арзан баада сатылып жатат.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев буга чейин Сүлүктү, Самаркандек  көмүр шахталарынын жетекчилери менен жана Кыргыз көмүр ишканасы менен арзан баада көмүр сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарынан келген көмүрдүн 1 кабы 300- 350 сомдон сатылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here