18-декабрь Мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү

0
606

Бүгүн, 18-декабрда өлкөнүн мамлекеттик гимнине 31 жыл толду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров  Кыргызстандыыктарды куттуктады.

«Мамлекеттик гимнибиздин ар бир сабында, ар бир сөзүндө камтылган ой абдан маанилүү. Себеби гимн жаңырганда ар бирибиз рухий жактан азыктанып, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошулат. Эң башкы байлыгыбыз болгон эгемендигибиздин маани-маңызы ачылат. Гимндин жаңырышы менен ата-бабалардын тарыхтагы басып өткөн жолу көз алдыбызга элестеп, бабалар мурастаган эгемендикти кийинки урпактарга кемитпей тапшыруу убадасын берүүгө колуң өзүнөн өзү жүрөгүңө тартылат. Кыргыз Республикасынын гимни менен ар бир кыргыз жараны сыймыктанат» , — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун гимдин кабыл алынышынын күнүнө карата айтылган куттуктоосунда.

Кыргызстандын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында ошол кездеги парламент тарабынан жактырылган. Белгилүү жазуучулар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев сөзүн, атактуу композиторлор Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов музыкасын жазган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here