Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлүп жатканын билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматында, 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 суук болору күтүлөт. Ал эми өлкөнүн тоолуу райондорунда түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…-19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 суук болушу күтүлүүдө,
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууга чакырат!