Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргенге караганда Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окууга өттү.
Бул чара катуу суук аба ырайына байланыштуу. Кыргызгидромет борбору бүгүн-эртең өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскерткен. Айрым өрөөндөрдө термометрдин көрсөткүчү -35 градуска чейин төмөндөйт.
13-14-декабрь күндөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12 суук, күндүз -3…-8 суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.