Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган 11 айдоочу, мас абалында авто таранспорт каражатын башкарган 18, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 3, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган 99 айдоочу аныкталды.
Ал эми башка ар кандай жол эрежелерин бузган 817 айдоочу аныкталып, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.