Лейлек районунун Андарак айылында жергиликтүү тургундар арасында милиция кызматкерлери тарабынан жыйын өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
Аталган жыйынга, Лейлек райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, мечит имамы катышты.
Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы айылдагы кылмыштуулуктун абалына токтолуп, алдын алуу иштери боюнча маселелерди көтөрдү. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында талкуулар болду.