9-декабрь күнү Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы базарларда
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары жана салык кызматынын өкүлдөрү ККМ аппараттары, салык саясаты жана аткезчилик боюнча базардагы соода-сатык иштерин жүргүзгөн сатуучуларга, жеке ишкерлерге, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Райондук бийликтин маалыматында, иш чарада Учкунбек Жоробаев ККМ аппараттарын ишкерлерге берүү, анын колдонуу ыкмаларын үйрөтүү иштери байма-бай жүргүзүлөөрүн баса белгилегени айтылат.
“Жетекчилер соода борборлору, ири дүкөндөрдүн жетекчилери жана элдер менен жолугушуп, азык-түлүктөргө, көмүр отундарга болгон баалар менен да таанышты.” – деп жазылат маалыматта.