Баткен районунун акими ишкерлер менен жолукту

0
534

Кечээ, 9-декабрда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар күч түзүмдөрү Боз-Адыр айылындагы ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда аткезчилик тууралуу маалыматтар айтылып, район акими ишкерлерди Баткен районунун аймагынан транзит аркылуу, мыйзам чегинде гана кошуна мамлекеттерге өтүп, мыйзамдын негизинде иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле, ишкерлерге кассалык көзөмөл аппараты, салык саясаты туурасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here