Лейлекте аким ишкерлер менен жолугушту

0
900

Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков Раззаков шаарынын борбордук базардагы сатуучулар менен жолукту. Бул райондук бийликтен билдиришти.

Жолугушууда райондун акими менен биргеликте салык жана ички иштер бөлүмүнүн башчылары да болушту. Алар сатуучуларга салык саясаты жана көзөмөл кассалык машина боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. 

Ошондой эле район башчысы борбордук базардан тышкары ири соода борборлорунун жетекчилери жана элдер менен жолугушуп, азык-түлүктөргө, көмүр отундарга болгон баалар менен дагы таанышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here