Президент Садыр Жапаров бүгүн радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Садыр Жапаров куттуктоосунда, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде теле жана радио ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна олуттуу таасирин тийгизерин, алар руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү үчүн алмаштыргыс каражат болуп саналарын белгиледи.
“Урматтуу радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!
Жан дүйнөбүздү байытып, жашообузду жарык кылган чыгармачылыгыңыздар өркүндөй берсин.
Кесипкөйлүгүңүздөр арта берсин!». – деп белгиленет президенеттин куттуктоосунда.