Өлкөдө аялдардын эмчек рагынын алдын алуунун бир айылыгы жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бир айлык 1-октябрдан 31-октябрга чейин уланат. Аталган саамалык, аялдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, эмчек рагын алдын алуу жана алардын өнүгүүсүнүн коркунучтуу факторлорун азайтуу максатын көздөйт.
Бир айлык Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен өтөт.