Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын маалымат катчысы билдирди.
Ага ылайык, Баткен шаарында салынып жаткан Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын жалпы сметалык баасы 221 млн сомду, ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын курулушунун жалпы сметалык баасы 56 млн сомду түздү.
Аталган акча каражаты «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жеке бюджетинен каржыланып, 2024-жылдын биринчи кварталында курулуштун биринчи этабын бүткөрүү пландалууда.