Орусия Баткенде 1200 орундуу заманбап мектеп курат

0
2789

Бүгүн 1- сентябрда Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу орус тилдүү мектептин курулуш иштерине старт берилди. 

Иш чарага Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин онлайн форматында катышты.

Аталган мектептин курулуш иштерине Баткен шаардык мэриясы 3 га жер аянты бөлүнгөн. Мектептин курулушун Орус бийлиги каржылап,  2025- жылдын сентябрь айына бүткөрүүнү пландоодо.

Билим берүү орус тилинде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр кыргыз-орус күбөлүктөрүнө ээ болушат. Орус бийлиги Кыргызстанда жалпы тогуз мектеп курат.  Бүгүн алардын үчөөнүн курулуш иштери башталды. 

Белгилей кетсек, Баткен шаарында акыркы жылдары орус тилдүү мектепке болгон элдин суроо талабы жогорулап, мектеп жетишпестиги жаралган.Орус тилде билим берген жаңы мектептин курулушу бул муктаждыкты жеңилдетүү аракети болуп саналат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here