Апаз Жайнаковго эстелик тургузулат

0
1023

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Эл артисти, Баткенден чыккан таланттуу обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун эстелигин куруу демилгесин ийгиликтүү ишке ашуусун жана анын курулушун, жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган театрдын жамааты ыйгарым укуктуу өкүлгө, жаңыдан облус башчысы катары ишин баштаары менен, маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана өзгөчө, КР Эл артисти Апаз Жайнаковдун эстелигин тургузуу демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, 2020-жылы өрүк зар аймагындагы театр, маданият жана искусство тармагынын өсүп өнүгүүсүн колдоого алган өзгөчө салымы үчүн, “Өрүкзар меценаты” диплому менен сыйланды.
Сыйлык Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жетекчилиги жана жамааты тарабынан тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here