Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жаңы төрт тез жардам унаалуу болушту

0
1510
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, КР Өкмөтү тарабынан берилген тез жардам унааларын Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
 
 Тез жардам унаалары Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборуна тапшырылды. Бул атайын унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ апараты да орнотулган.
 Белгилей кетсек облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде, облус боюнча 44 тез жардам унаасы бар. Анын сегизи, 2020-жылы мамлекет тарабынан берилсе, тогузу, демөөрчүлөр жана эл тарабынан берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here