Баткенде телефон уурулары кармалды

0
713

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматынын маалыматында, 2020-жылдын ноябрь айынын аяк чендеринде Баткен шаарынын Кызыл-Жол квраталынын 52жаштагы тургунунун үйүнөн түн ичинде белгисиз атуулдар 4даана “Xiaomi Redmi Note 9” жана “Samsung Galaxy J2” кол телефондорун уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Бул фактылар Баткен ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Баткен ШИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн “Каракчы” операциясынын жүрүшүндө Баткен шаарынын Н.М. жана М.З. аттуу тургундары аныкталып кармалышкан. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат» деп билдирди ОИИБнын басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here