Жалалов үч окуучуга уюлдук телефон белек кылды

0
505

Кечээ 29-декабрда ыйгарым укуктуу өкүл, үч окуучуга уюлдук телефондорду белек кылды
Баткен районунун Бужум айылынын, Шарап Токсонов атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Аббаз Абсаттаров, Баткен шаарынын Кызыл-Жол орто мектебинин 2-классынын окуучусу Ашимбаев Хамза жана Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Адилет Бөрүбековдор, ыйгарым укуктуу өкүлдөн уюлдук телефондорду белекке алышты. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Балдар жаңы жыл майрамын утурлап, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кат жазып, жаңы жылдык белек сурашкан. Алар каттарында, пандемия шартындагы онлайн сабактар үчүн уюлдук телефон зарыл болуп жатканын жазышкан.
Ыйгарым укуктуу өкүл, балдардын кыялын орундатуу максатында, ар бирине алардын күткөн белектерин тартуулап, балдарга бекем ден соолук, кең келечек каалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here