Кызыл-Кыяда кутурмага чалдыккан ит сегиз кишиге кол салды

0
615

Кызыл-Кыяда кутурмага шектелген жолбун ит сегиз адамды тиштеп, аларга жаракат келтирген. Мындан сырткары үч баш бодо малга да кол салган. Бул  тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 22-августта 14:30дар чамасында орун алган. Жаракат алгандардын бешөө жаш балдар, экөө өспүрүм жана бирөө 44 жашта.

Ал эми кутурмага шектелген жолбун ит, окуя болгон күнү жок кылынып, лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлүп кутурма илдети аныкталган. 

Учурда жаракат алгандар ооруканага жаткырылып, дарыгердин көзөмөлүндө дарыланууда.   

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here