УКМК Баткендеги энергетика тармагында мыйзам бузууну аныктады

0
977

Баткен районунун электр тармактар ишканасынын электр энергиясын керектөөгө жана төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу каржылык алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. 

Маалыматта, Баткен облусунда электр энергиясын керектөө үчүн узак убакыттан бери төлөм жүргүзбөгөн абоненттер бар экенидиги аныкталганы, алардын айрымдары Баткен Райондук электр тармактарынын кызматкерлеринин патронажынан пайдаланып, акча төлөөдөн бошотулуп, жарыкты өчүрүүдөн качышкандыгы, ошондой эле алдын ала эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече жылда, жылына 10 млн сомго чейин карыздар түзүлүп келгени жазылат.

Бул карыздарды жабуу үчүн Баткен РЭТ кызматкерлери Баткен шаарынын жана Баткен районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен келишим түзүшкөн, ошондой эле электр энергиясын формалдуу түрдө кошумча керектөө үчүн башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз төлөм алынган.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here