Баткендеги автобекет текшерилди

0
911

Баткен-Бишкек жана Баткен-Ош багыттары боюнча алыскы аймактарга каттаган коомдук транспорттор текшерилип, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Салам Медиага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкармалыгынын маалымат катчысы Бектемир Мамытов  билдирди.

Жолугушуу учурунда айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, карама-каршы тилкеге чыкпоо керектиги эскертилди. 

Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын жана таксилердин материалдык-техникалык жабдыктарынын оң абалда болуусун, мыйзамга каршы келген тапчан, багаж өңдүү кошумча жабдыктардын жабдылуусуна жол берилбөөсүн, салондогу тазалык, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы тууралуу эскертти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here