Баткенде бир аптада мас абалда автоунаа башкарган 18 айдоочу аныкталды

0
541

Баткен облусунун аймагында 31-июлдан 6-августка чейин жалпы 864 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салам Медиага жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Бектемир Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жуманын аралыгында мас абалында автоунаа башкарган -18, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -10, кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан  ашырып айдаган -226, алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан -3, башка ар кандай жол эрежелерин бузган — 607 айдоочу аныкталган.

Ошондой эле убактылуу токтотуучу айып короого — 31 автоунаа токтотулган. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here