7-8 август күндөрү өткүн өтүп, сел жүрүшү мүмкүн

0
472

7-8-август күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

ӨКМ коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экендигин эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here