Баткендин өрүгү Чолпон-Ата шаарында сатылууда

0
906

Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркында Баткен өрүгүн саткан жай ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда «Баткен берекеси» чатырында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүктөр сатылып жатат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада облустук бийлик, Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылаарын кабарлаган. Бул жайды уюштуруу үчүн Баткен жана Ысык-Көл облустарынын башчылары жана Чолпон-Ата шаарынын мэри макулдашышкан эле.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here