Улуттук банк акча которууга коюлган чектөөлөрдү алды

0
547

Улуттук банктан билдиришкендей, эми акчаны кайсы валютада жөнөтсө, ошол валютада алса болот. Мындай токтомду Улуттук банк 26-июлда кабыл алды.

Бул чечим, өлкөнүн ички валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу, ошондой эле чет элдик валюта менен «мүмкүн болгон алып-сатарлык операциялардын алдын алуу»  үчүн кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандыктар акча которууларды сом менен жана алар келген өлкөнүн валютасында гана ала алат деген чектөөнү Улуттук банк 2022-жылдын апрелинде киргизген болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here