Баткенде 20 жылга соттолуп, Тажикстанга өткөрүлүп берилген эки тажик жараны эркиндикке чыкты

0
885

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Ага ылайык, Абдукаххоров менен Юнусов бир нече айдан бери кармалып турган Явандагы абактан 28-июлда чыккан.

Абдукаххоров 2-августта «Озоди» радиосуна маек берип, бийлик органдарына жасалган көптөгөн кайрылуулардан кийин Юнусов экөө акталып, эркиндикке чыгышканын билдирген.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоров Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган. Кармалгандарды Лейлек райондук соту «Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ал эми 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here