Кадамжайдагы 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектүүлөргө соттун өкүмү чыкты

0
2300

Баткен облустук сотунун өкүмү менен Кадамжай районунда зордукталып өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталгандардын бири 10 жылга эркинен ажыратылып, экинчиси өмүр бою абакта калтыруу чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Салам медиага облустук соттун басма сөз катчысы билдирди. 

Маалыматка ылайык,  облустук соттун бул чечими 4-июлда чыккан. 

Буга чейин 2023-жылдын 28-февралында айыпталуучулардын бири өмүр бою абакта калтырылган. 

Ошондой эле «Адам өлтүрүү», «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер», «Адам уурдоо» беренелеринин негизинде айыпталып, 10 жылга кесилген жашы жете элек Э. Б.  уулунун кылмыш ишин кароо тараптардын өтүнүчү менен  4-августка калтырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here