Соц тармактарда экстримисттик чакырыктарды жасап жүргөн жаран кармалды

0
758

Ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүнүндө Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылып жүргөн.мындай маалыматты Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы таратты.
Таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында экстремисттик деп аныкталган.

Бул факт Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Бул боюнча Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45жаштагы А.О. аттуу жаранын аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here