Кадамжайда жол белгилери текшерилип, жетишпеген белгилер орнотулду

0
787
Кадамжай район аймагында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери №46 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте кооптуу аймактарда жетишпеген жол белгилерин орнотуп жол боюна коюлган жол белгилерин текшерип чыгышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Мындан сырткары тарабынан жол кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында кышкы даярдык боюнча жүргүнчү ташуучу коомдук жана жеке менчик такси жана маршруткалар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда коомдук унааларды башкарган 3 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 121-беренесинин (техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги) негизинде протоколдор толтурулду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here