Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды

0
935

Жарым чейрек финалда Жоламан болгариялык Максим Каржайскиди 8:0, чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануну 8:0, жарым финалда түркиялык Ахмед Утрядды 5:1 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү чыкты.

Финалдык беттеште Шаршенбеков орусиялык Степан Марянян менен күч сынашып, 4:4 эсеби менен жеңишке жетти.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаршенбеков финалга чейин үч атаандашын жеңди.

Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмакта килемге чыкты. Руслан Царев коло медаль тагынды.

Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусунун Манас районунун Баласаруу айылында төрөлгөн.

Машыктыруучусу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here