Баткендеги көрнөк-жарнактар текшерилди

0
1088

Мэр Имамназар Буркановдун тапшырмасы менен мэриянын жана шаардык мекеме-ишканалардын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча комиссия жана адистер менен биргеликте мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейдке чыгышты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдирди.

Рейддин жүрүшүндө шаардын борбордук көчөлөрүндө, борбордук базарда эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар баннерлерди алуу эскертилди. 

Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода жана тейлөө түйүндөрдүн, ашканалардын ээлерине эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай рейд улантылатылаары маалымдалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here