Баткенде өспүрүмдөрдү соода-сатыкка иштеткен 2 жаранга айып пул салды

0
1303

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен ШИИБдин аймактык тескөчүлөрү, балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тейлеген аймакта жана Баткен шаардык мэрия кызматкерлери шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте балага жакшы тарбия берүү максатында жашы жете элек жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун ата-энелерине бир иреттен кароосуз калтырбоо, кылмыш жолуна барбоо, ар түрдүү коомдо жат көрүнгөн бейбаштык жолунан сак болуусу, соода-сатыкка тартылуусуна тыюу салынгандыгын эскертип, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүздү.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин негизинде балдарын соода-саттыка пайдалангандыгы үчүн 2 атуулга протокол түзүлүп айып пул салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here