Быйыл Баткенде 4 адам сууга чөгүп каза болгон

0
648

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2023-жылдын 22-июнуна карата өлкө боюнча  сууга чөгүп каза болгондордун санын жарыялады. 

Ага ылайык, быйыл 35 жаран сууга чөгүп каза тапты. Алардын ичинен төртөө Баткен облусунун аймагында катталган. Ал эми 10у 12 жашка чейинки жаш балдар болсо, тогузу өспүрүмдөр. Ал эми 2022-жылы 25 адам сууга чөккөн болсо алардын 12си жаш балдар болгон. 

Эске салсак, 14-майда Баткен районунун  Төрт-Күл суу сактагычына  2  бала чөгүп кеткен, алардын бирөөсүнүн сөөгү 15-май күнү табылган. Экинчи баланын сөөгү  18-майда күнү табылган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here