Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматов билдирди.
Бүгүнкү күндө Төрт-Гүл суу сактагычындагы суунун көлөмү 27,526млн м кубду түзүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 млн м3 аз. Же болбосо былтыркы жылы ушул мезгилде Төрт-Гүл суу сактагычында 28,031 млн м3 суу болгон.
Суу сактагычта Баткен районунун 8673 га жана Баткен шаарынын 1248 га жерин сугат суу менен камсыздайт.
Баткен району жана Баткен шаарынын айдоо жерлери үчүн сугат суу берүү мезгили март айынан башталган.
Маалыматта жылдан жылга жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлердин аянты кеңейип барат. Мындан улам сугат сууга болгон муктаждык жогорулагандыгы белгиленген.
Ошондой эле, быйылкы жылы Ак-Суу дарыясындагы суунун агып келиши аба ырайына байланыштуу жылдагыга салыштырмалуу 67 пайызга көп болгон.