Тегерек стол Президентинин “Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Баткендеги дин өкүлдөрү тарабынан уюштурулду.
Ага Баткен облусунун казысы- Нуридин ажы Мамасабиров, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү — Чагылган Юсупов, Баткен шаарындагы ТЭНСАЙ- БАГЫТ окуу комплексинин кыргыз тили мугалими Гүлзат Жалилова жана жергиликтүү аялдар катышты.
Талкууда мекенге болгон сүйүү, этностор аралык ынтымакты өнүктүрүү, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана туруктуулукту камсыздоо жаатындагы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Кыргыз жараны улутуна, диний, социалдык жана аймактык таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
“Кыргыз жараны” термини Кыргыз Республикасы өлкөсүнүн атынан келип чыккан жана бардык этностук жамааттарды этностук-маданий тиешелүүлүгүн сактоо менен бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүктү түшүндүрөт.
Бул иш-чара Мутакалим аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси жана Писнексус фондунун техникалык колдоосунда ишке ашырылды.