Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барышты

0
599

Алгач Фергана облусунун  ишкерлер үйүндө өткөн жолугушууда  Фергана жана Баткен облустарынын  ишкерлери инвестициялык жана соода экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулашты. 

Андан соң ишкерлер өз багыттары боюнча Фергана, Маргилан, Кувасай шаарларындагы жана бир катар райондордогу өнөр жай, айыл чарба, курулуш, текстиль ж б багыттардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. 

Делегацияны КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор жетектеди. 

Эки облустун ишкерлери кызматташуу боюнча бир канча келишимдерге кол коюуга жетишти. 

Бул иш чаралар 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында бекитилген КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программаны («Жол Картасы») ишке ашыруу максатында уюштурулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here