Чек арадагы 140 жаранга кир жуугуч машиналар берилди

0
803

Бул тууралуу Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен облустук филиалынын директору Канатбек Жигитов билдирди. Маалыматта   Баткен районунун чек ара аймактарынын Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек, Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн аймактарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, багуусунан эрте ажыраган аялдарга, жардамга муктаж болгон жарандарга Улуттук Кызыл Ай Коому тарабынан 140 жаранга кир жуугуч машина, кир жуучу каражаттар, жана желим тепшилер тапшырылды. Мындай жардам Лейлек районунундагы  чек аралаш айылдарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилди. 

Жалпысынан 280 даана кир жуугуч машина, 280 даана 2 килограммдык кир жуучу каражаттар жана 280 даана желим тепшилер берилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен облустук филиалынын директору Канатбек Жигитовдун айтымында чек арада жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында Баткен жана Лейлек райондорунун жарандарына берилип жатат.

Жалпы 280 даана кир жуугуч машина, 280 даана 2 килограммдык кир жуучу каражаттар (айна) жана 280 даана желим тепшилер (кир жуучу чара) берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here