Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондук N° 2 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Алымбек Турдалиев билдирди.
Ага ылайык, жолдун курулушу токтоп тургандыгын, чек арадагы айылдардын жолун асфальттоого, иштеп жаткан техникалар тартылгандыгы менен түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, Баткен-Сох участкасы 179- чакырымдан башталып, 217- чакырымга чейинки аралыка жетет. Андан сырткары 2023-жылдын » Титулдук тизмесине » 12 чакырым асфальт — бетон төшөө жумуштары каралып, 86,4 миллион сом акча каралган.
Ош-Баткен-Раззаков авто жолунун эски багыты жалпы 70 чакырымды түзөт.